Ордо Сахна - Гүлжан (сөзү, обону Т.Тыныбековдуку)

24.12.2012
Гүлжан Жайлоонун жашыл ыраңы, Жайкалган шибер тулаңы. Аркырап аккан кашка суу, Ак мөңгү тоонун булагы. Кулпунган төргө жайылган, Гүлжандын козу, улагы. Мингени тулпар торудан, Кийгени жибек сонундан. Мээлегенин жаза атпайт, Мылтыгы түшпөй колунан. Кайтарганы кой, эчки, Калбанын бийик боорунан. Алтын көкүл, жибек чач, Ай чырайлуу кара каш. Жакуттай жаркын эки көз. Жагалданган шайыр жаш. Балбылдаган көздөрүң, Таң чолпондой айрылбас. Айлана көркөм көрүнгөн, Ак соктолуу көбүргөн. Аралатып малдарын, Асылын чөптүн жедирген. Ала-Тоолук чабан кыз, Ар дайым кетпейт көңүлдөн.

Похожие видео

Показать еще