"Ал менен пикир келишпестик болгон, кек сактап калган тура" дейт өлтүрүлгөн окуучу кыздын апасы HD

23.06.2021
Күбөлүгүн алуу үчүн мектепке кеткен бойдон жансыз денеси токойдон табылган 16 жаштагы кеминдик кыздын сөөгү бүгүн жерге берилди. SUPER.KG порталы окуя болгон жерге барып, кырсык туурасында кенен ачып берүүгө аракет жасадык. Маркумдун апасынын айтуусунда, кыздын бут кийими кошунасынын гаражынан табылган. Акыркы жолу кызы менен ошол кошунасынын телефону аркылуу сүйлөшүшкөн. "Үнү башкача угулган" дейт ал. Көрсө буга чейин дал ошол дубалдаш кошуна менен пикир келишпестик болгон экен.

Похожие видео