Манас Ниязов Чолпон-Атада мушташа кетти
Чолпон-Ата шаарында Жеңиш күнүнө карата уюштурулган көк бөрү боюнча турнирде массалык мушташ чыкты. Окуя «Достук» жана «Сары-Өзөн» командалары көк бөрүгө түшкөн учурда болгон. Экинчи таймдын аягында, «Достук» алдыга чыккан (эсеп 5:2) учурда Манас Ниязов менен Нурбек Юсупов уруша кетип, андан соң аттан түшүп, мушташып башташкан. Бул учурда башка оюнчулар келип, бири-бирин камчы менен чабышкан. Бир нече убактан кийин мушташты токтотууга мүмкүн болуп, калыстар экинчи тайм аяктаганын жарыялашты. Бул окуя 2019-жылдын 7-майында болду.
Похожие видео
Показать еще