"Жол кырсыгынан кош бойлуу жубайымдан, эки кызымдан ажырадым"
Жайыл районуна караштуу Петропавловка айылында болгон жол кырсыгы бир үй-бүлөнүн шамын өчүрдү. Бул окуя 25-октябрда болгон. Анда 23 жаштагы айдоочу унаасы менен Алтынбек Абжалиевдин жубайын, эжесин жана кичинекей 3 кызын сүзүп кеткен. Алардын ичинен 8 жаштагы Таңсыры оор жаракат алса, калгандары ошол жерде мүрт кеткен.