Ассоль Молдокматова Жириновскийге жооп берди
Орусиянын президентине караштуу Жарандык коомду жана адам укуктарын өнүктүрүү боюнча кеңешине (СПЧ) Ассоль Молдокматова Жириновскийдин билдирүүсү боюнча кайрылуу жасады. Болуп өткөң окуяга капаланганын билдирген Ассоль Молдокматова бул кадамга барган адам жазаланышы керектигин жеке баракчасына жарыялады. “Санкт-Петербургда кырз кызды бөтөлкө шампан менен башка бир канча жолу урган. Бул окуя да мыйзам чегинде каралып, тиешелүү жазасын алыш керек. Постсоветтик өлкөлөрдө орус тилин сактап калуу үчүн болгон күчүбүздү жумшашыбыз керектигин баарыбыз билебиз. Андыктан ынтымакты сактайлы,”- деген видеодо. Белгилей кетсек, Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында акция өткөргөн. “Кыргызстан менен соода-экономикалык байланышты үзүү керек,”- деп билдирген. Жириновский менен Мировнов бийлик партиясы эмес. Бул 19-сентябрда башталчу Госдумага шайлоодо орус улутчулдарынын добушун алуу үчүн жасалып жаткан иш эмес экенине эч ким кепилдик бере албайт.
Похожие видео
18.11.2019
18:09
Мирбек Атабеков Толгонай Арзыкееваны эмнеге урушат? / Таң Шоола / НТС
youtube.com
25.02.2022
34:12
Бизнес чөйрөнү текшерүүчү органдарды көбөйтүү керекпи? / Эмнеге / НТС
youtube.com
Показать еще