Темир жолдо ЖАРЫЛУУ болду. Атамбаевдин сотторунун "серый кардиналы" камалды
#Каналга_жазылыңыз #жаңылыктар_окуялар темир жолдо жарылуу болду окуя 3-июнда, саат 8:45тер чамасында болуп, Панфилов көчөсүнүн Лев Толстой менен темир жолдун ортосундагы бөлүгүндө жайгашкан казан меш жарылган. Кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери менен "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү иштеп жатат. 2. Атамбаевдин сотторунун "серый кардиналы" камалды Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев камакка алынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы Арабаевди 2-июнда убактылуу кармоочу жайга киргизди. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдиргендей, ал коррупцияга аралашкан деп шек саналууда, бирок конкреттүү кайсы ишке байланыштуу колго түшкөнү расмий айтыла элек. Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген Манасбек Арабаев «жетекчиликтин ишениминен кетти» деген жүйө менен былтыр 15-майда кызматынан бошотулган. Анын дарегине кызматта турганда «соттук иштерге кийлигишет» деген дооматтар айтылып келген.