Үч-Терек айылынын «Нуска» ак элечек апалар жамааты Ош шаарында. «Шайыр апалар» телефестивалы. I орун
Үч-Терек айылынын «Нуска» ак элечек апалар жамааты Ош шаарында уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалына активдүү катышып 1-орунду алышты. «Аймактарды өнүктүрүү жылынын» алкагында элдик таланттардын өнөрлөрүн коомчулукка жайылтууга жана Ош шаарынын маданий мурастарын даӊазалоого кошкон зор салымы үчүн Ош шаарынын мэриясынын Ыраазычылык баракчасына ээ болушту. Ошондой эле Кыргыз Телекөрсөтүүсүнүн 60 жылдыгына арналган КТРКнын «Маданият-Тарых-Тил» каналынын Республикалык «ШАЙЫР АПАЛАР» телефестивалынын 2-айлампасынын ЛАУРЕАТЫнын диплому менен сыйланды. «Нуска» ак элечек апалар жамаатынын жетекчиси Клара Чаргынова эжекебиз «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. «Нуска» ак элечек апалар жамааты Сиздерге таазим!!! Сиздердин жеӊишиӊиздер Кетмен –Төбө элинин сыймыгы. Ар дайым биздин бактыбызга бар болуӊуздар!