Р.Момбеков: "Мен коомго эмес коррупционерлерге коркунучтуумун" HD
Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал! Момбеков: Сарпашевге козголгон кылмыш ишинде мен күбө катары суралгам. Тайырбектин ал жерде таптакыр тиешеси жок экенин күбө катары далилдеп бергем. “Жарым миллиард сом зыян келген” деп айрым ЖМКлар жазып жатышат. Мен ошол аңкоолорго айтат элем, бюджетке бир тыйын зыян келген эмес.Төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктү ар бир ата-эне өз акчасына алат. Бюджеттен акча каралып, бекер бербейт. Анан кайсы жарым миллиард сомду айтып атышат?Мен айтайын, ал кезде мындай болгон. Сарпашев ал кезде вице-премьер-министр эле. Кыргызстанда төрөлгөндөргө бериле турган күбөлүк таптакыр калбай калган. Тендер узакка созулуп кеткен. 3-турда гана тендер болду деп эсептелип, анан утуп чыккан фирма тез аранын ичинде 8 миң нуска күбөлүк жасап бериш керек болчу. Андан ашык чыгарганга мүмкүнчүлүгу жок эле. Анткени, ал басмакананын кубаттуулугу ошончо эле болчу. Ошондо Сарпашев тапшырма берип, “ким жасап бере алат, азыркы тартыштык абалдан ким чыгара алат” деп сүйлөшүү жүргүздү. Ошондо биз – “Учкун” басмаканасы кыйын абалдан куткардык. “Учкунга” тапшырма берилип, зарыл болгон күбөлүктү чыгарып бердик. Бирок, канча бир нускасы жараксыз болуп чыгыптыр. Мен кеткенден кийин, тендерденуткан фирма менен “Учкун” экөө ортодо төлөп беришти, кайрадан чыгарып беришти. Ал жерде мамлекет зыян тарткан эмес. Ошон үчүн кылмыш иши кыскартылган болчу. Эми ошол ишти кайрадан алып чыгып жатканы, “мурунку УКМК тергеген иш” деп Экономикалык кылмыштуулук менен күрөш кызматына берип жатканы, мунун баарын тап берип коюу, коркутуп коюу катары эле кабыл алып жатам. Мен корко турган жерим жок. Мен ал кезде адилет иштегенимди далилдеп бере алам. Кагаз түрүндө дагы, Кудай алдында, сот, акыйкат алдында дагы далилдеп бергенге даярмын. Эгерде, ошол иш боюнча мага кандайдыр бир айып тагыла турган болсо. Эч бир кылмыш жок ал жерде.