Кочкор районунун "Орток" айылында жаңы көпүрө пайдаланууга берилди
Быйыл Нарын облусунда ички жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо багытында бир катар алгылыктуу аракеттер жасалды. Бул жумуштардын көпчүлүгү жергиликтүү калктын каржылык колдоосунда жасалгандыктан, мамлекет казнасына күч деле келген эмес. Теңир тоолуктардын мындай демдүү демилгелерине жакында эле биздин чыгармачылык топ да күбө болду. Кочкор районунун "Орток" айылындагы бул көпүрөнүн пайдаланууга берилиши менен, аралык дээрлик отуз чакырымга кыскарып олтурат. Ошентип, ушу кезге дейре аргасыздан ашык жол басышкан ортоктуктар ашыкча түйшүктөрдөн арылышып, беш-он минутага жетпей, "Бишкек-Кочкор-Чаек" негизги трассасына кошулуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Чындыгында, республиканын коргоо министрлигинин аскердик беш көпүрөсүнүн бири берилбегенинде, кыйын кырдаал дагы кыйлага созулмак. Ал эми мындай белекке жетине алышпаган жергиликтүү эл жалпы узундугу жети чакырым жолду өздөрү чабышып, баш-аягы үч миллион сомдук жумуштарды бүткөрүшкөн.