Интернет жылдызына айланган Байгазы куудул эмес, президент болгусу келет
Интернет желелерине кичинекей кыз менен баланын тойдо макал айтышып жатканын чагылдырган чакан видео тарап, баланын сөз тапкычтыгына тамшанып, видеону бөлүшүп, пикир жазып, күлгөндөрдүн саны артып жатат. Ал макал таппай калган учурда “сабырдуу болгула, кыздар!”, “Эркекке элүү өнөр аздык кылат”, “Бешке бешти кошсо он болот” деп макал айтып, тойго келген меймандардын сүйүүсүнө арзыган. Бул жолу SUPER.KG порталы интернет жылдызына айланган Байгазы жана анын таятасы Эсен Орозбаев аны менен бирге тойдо тамадалык кылган Акбарали Айтбаев менен маектешти.