Токтайым Үмөталиева: Айылдык "мырктар" болбосо, Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти болмок эмес” HD
Бүгүн, 9-декабрда, “Белгилүү маршрут” акциясы Бишкектеги Кыргыз драма театрынан башталып, ал жолун улантууда. Ал жерге ак элечекчен апалар, белгилүү укук коргоочулар жана активист жарандар келишти. Аталган акцияга келген укук коргоочу Токтайым Үмөталиева алгач ак элечекчен апаларга таазим кылып жүгүнүп, элечек кийбегенинин себебин түшүндүрүп берди. Андан кийин Роза Отунбаеванын сүйлөгөн сөзүнө нааразычылыгын билдирди. Анда ал: “Мен чор таман, айылдык, кара кыргыздын кызымын. Ошондой эле Роза эжебиз айткан айылдык, “мырк” балдар Ак үйдүн алдында томолонуп, канга боелуп, бийликти алып бербесе, ал өткөөл мезгилдин президенти болмок эмес. “Экс-президент” деген макам мыйзамда жок, ошондуктан Роза эжебиз ал макамды жана жетим балдарга кетчү бюджеттен алып жаткан акчасын кайрып берсин“,-деди.