Матраимовдон калышпайт
Матраимов менен бирге эмес, бирок аны менен бир компанияда. Bellingcat, OCCRP жана «Клооп» бажыдагы коррупция тууралуу жаңы иликтөө чыгарды, анын башкы каарманы Матраимовдун ордуна келген Замирбек Карашев. Соцтүйүндөрдөгү посттор Матраимовдор менен Карашаевдин үй-бүлөлөрү жакын мамиледе экенин, Таиланддагы кымбат баалуу курортто бирге эс алганын көрсөтүп турат. Ушундай саякаттоолор жана журналисттер таап чыккан Карашевдин тууган-уругуна таандык кыймылсыз мүлктөр аз эмес, бирок асман чапчыбаган айлык алган мамлекеттик кызматкердин капчыгына туура келбейт. Эмесе мунун баарын иликтөөдө айтып, ал тургай көрсөтүп да беребиз: Каналга жазылуу: https://www.youtube.com/channel/UCCZa43syqWs7EqllazNPq7A Биздин веб-сайт: http://ky.kloop.kg Facebook: http://fb.com/kloopkyrgyz Twitter: http://twitter.com/kloopkyrgyz Instagram: http://instagram.com/kloopkyrgyz