Таласта 9-класстагы кыз асынып өлдү: Ата-энеси мугалимин күнөлөөдө
Анын апасы Анара Оморбекованын айтымында, кыздын денесин кечки саат 17:00 чамасында сарайда асынып турган жеринен тапкан. Аяна 8-класстагы бир тууган синдиси Даяна экөө быйылкы окуу жылынан тарта Манас айылындагы Ш.Жумагулов атындагы лицей-интернатында (жатак интернат) окуп жатышкан. Жатак интернатта окуп баштагандан баштап эле ага кысым боло баштаган. Ал мугалиминен гана эмес, классташтарынан шылдың сөздөрдү угуп, үйгө келген сайын ыйлачу. Акыркы жолу ишемби күнү келгенде да ыйлап келген.
Похожие видео
Показать еще