Наристени кордогондор жазасыз калбашы керек
Балдарга карата зомбулук бул жумадагы негизи жаңылык болду. Президент баш болуп, Парламент, Өкмөт, эл аралык уюмдар жана башка тиешелүү министрлик, ведомстволордун бардыгы балдарга карата зордук-зомбулуктун күчөп жатканына тынчсызданды. Озерное айылындагы эки жашар Ибрагим мынчалык абалга чейин сабалбаганда балким бул маселе мынчалык денгээлде Кыргызстандын тынчын албайт эле деп ишеничтүү айта алабыз. Себеби, балдарга болгон зомбулук бүгүн же кечээ эле чыга калган жок. Ал буга чейин эле болуп келген, бирок мындан ары болтурбай койо алабызбы ал мамлекеттеги ар бир үй-бүлөдөн баштап, тиешелүү кызматтардын иш алып барганына жараша. Эмесе, балдардын укугун коргобосок - бул мамлекеттин келечегине коркунчтуу экенин Президент Алмазбек Атамбаев да өз кайрылуусунда айтты. Ал эми Премьер министр Жоомарт Оторбаев кечээ жыйын өткөрүп, мындай көрүнүш эл аралык мамиледе Кыргызстанды уят кылат деп так айтты. Азыр жалпы Кыргызстан эки жашар баланын ден соолугун тилеп турган чагы. Наристенин мынчалык абалга чейин сабалышы эмнеден, анын учурдагы абалы, окуянын жаңы өңүтү менен Нургүл Жумабекова кененирээк айтып берет: