"Жебе" тобунун солисти Кумар бир саатта 4 унаа жууп жетишти
“Жылдыздар кесибин алмаштырат” рубрикабыздын кезектеги темасы автоунааларга байланыштуу. Анткени биздин мурдагы берүүбүздүн каарманы ырчы Чолпон Талипбек кийинки катышуучуга унаа жуучу жайда машина жууй турган тапшырма калтырган. Бул тапшырманы аткаруу үчүн “Жебе” тобунун солисти Кумар Сагыновду чакырганбыз. Кумар мырза берилген тапшырманы канчалык деңгээлде так аткара алды, видеоматериалдан көрүңүз.