«Мен көчө албайм»: Исмаил айылында эл топтолуп, жаштар мушташып кете жаздашты

07.12.2021
https://www.turmush.kg/news:453340 Сокулук районунда 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран 2 айга убактылуу кармоочу жайга камалды, деп билдирди бүгүн, 7-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы. Облустук милициядан билдиришкендей, ал СИЗО-1ге киргизилет. Кечээ, 6-декабрда Кызыл-Туу айыл аймагындагы Исмаил айылында эл топтолуп, 2004-жылы туулган кызды зордуктоого шектелген тургундун атасын ортого алып, бул үй-бүлөдөн айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышты. Жыйында элдер: «Атасы кандай болсо, балдары да ошондой болот. Ошондуктан булардын үй-бүлөсүн көчүрүшүбүз керек» деп кыйкырып жатышты. Дагы бирөө кылмышты ким кылса, ошону кетирип, анын ата-энесин айылдан көчүрбөй, башкача жаза берүү сунушун киргизди. Мындан тышкары «кызыл кандуулукка алдырып, уруп-сабоо жана башка кылмышка кириптер болбогула» деген чакырыктарды айтышты. Кылмышка шектүүнүн атасы: «Мен көчө албайм» деген пикирин билдирди. Эл арасынан дагы бир киши: «Атасында эмне күнөө» деп айткан соӊ, ортодо ызы-чуу чыгып, жаштар мушташып кете жаздашты. Толугу менен https://www.turmush.kg/news:453340

Похожие видео