Москвадагы "БОСТОН" спорт клубу
Чет жерде эмгектенип өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан эр-азаматтарыбыздын бири Эмилбек Акунов. Эмилбек мырза 2015 жылы Москва шаарында «Бостон» спорт клубун ачып, мекендештерибиздин башын бириктирип Кыргызстандын желеги алдында жаш спортчуларды мелдештерге даярдап, машыктырып келет. Окуучуларына жөнөкөйлүктү, эрктүүлүктү, намыскөйлүктү жана өжөрлүктү үйрөтүп, Кыргызстанга өз салымын кошуп, өлкөбүздүн гимнин жаңыртып жүргөнү менен сыймыктанган мекендешибиз Эмилбек мырзага көптөгөн ийгиликтерди кааламакчыбыз.