АК ШООЛА балдар хору "Мээрим" караоке минус
#2вариянт суранычтар оюнча АК ШООЛА балдар хору "Мээрим" -Эжеке, эжеке, айтыңызчы, Мээрим, мээрим, мээрим, Мээрим деген эмне? -Мээрим - мээримдүү күн, Мээрим төккөн жериме. Жакшы көрөм күндө эртеден, Күндүн жайнап күлгөнүн. Мээрим төгүп бакчамдагы, Гүлдөрүмдү өпкөнүн. -Эжеке, эжеке, айтыңызчы, Мээрим, мээрим, мээрим, Мээрим деген эмне? -Мээрим - эркелетип, Сени өстүргөн ата-эне. Жакшы көрөм күндө эртеден, Энем жайнап күлгөнүн. “Тура кой” деп эркелетип, Көздөрүмдөн өпкөнүн. -Эжеке, эжеке, дагы айтыңызчы, Мээрим, мээрим, мээрим, Мээрим деген дагы эмне? Мээрим - сенин атың, Мээримдүү кыз, кичине. Жакшы көрөм, жакшы көрөм. Сизди, эжеке, абдан. Мээрим төгүп ырдап берчи, Ушул ырды башынан. Ырдап берчи, ырдап берчи, Ушул ырды башынан. -Макул, ырдайын. Анда силер айткылачы, Мээрим, мээрим, мээрим, Мээрим, мээрим деген эмне? -Мээрим - эң мээримдүү, Кең пейилдүү Жер эне. -Азаматсыңар, балдар! Эми чогуу ырдайлычы: -Мээрим, мээрим, мээрим, Мээрим деген эмне? -Мээрим - Ата Мекен, Мээрим төккөн элиме.