Энекебай - Мурат Саралинов & Ырыскелди (Дуэт)

25.12.2014
Энекебай, о ыйыгым ыйыгым, Энекебай, о кутманым уюгум. Алып келип тамырыңдан алтымыш, Алтын өмүр бешигиңе уюдум. Сен көз жумсаң унутармын жыл чыдап, Мен көз жумсам көз өткөнчө буркурап. Апакебай кара чачың куу болоор, Кош эмчегиң алмак-салмак зыркырап. Энекебай, билем туям эмгегиң, Энекебай өмүр жашың мен жедим. Кантип мени карыш жолго узатсын, Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгемин. Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгемин, Кирпик какпай канча жолу термедиң. Татыбайт го минуталык толгооңо, Менин күндү алып келип бергеним.

Похожие видео

Показать еще