Окшотпочу махабаттын аралына, Орток күздүн саргайбас жамалына... Оролошпой сезимдер көңүл ачпас, Ошондогу мен өпчү саамайыңдан... Издебе ...издер калаар арасынан, Илкидим... тагдырымдын карасынан... Ийилем, бирок сынбай келе берем, Искеген... сезимдердин талаасынан... Сакталып бир өмүргө ушул баян, Санааттын , бир обонун күүгө салам. Соңкудан адаш жүргөн жолоочудай, Созолоп комуз күүлөр эсте калаар... 25.09.18ж./b.kaparovich./ Обону, Аккан суу.
одноклассники