Кызыл Алма
Сүймөнкул Чокморовду каармандын (Темирдин) жаш кезин ойногон учурунда жаш көрсөтүш үчүн Япониядан жасалма чач (парик) алдырышкан. Кинодогу сүрөттөрдүн бардыгы Сүймөнкул Чокморовго таандык. Көпчүлүк сүрөттөрүн тасма тартылып жаткан учурда жараткан. Кеме үстүндөгү той эпизоду Тамга айылында тартылган. Караколго, Тоӊго, Түпкө жүк ташыган кемелердин эӊ чоӊун тандап алышып, ага желек-шарларды байлашып көл үстүндө бир айда тартып бүтүшкөн. Режиссёр Төлөмүш Океевдин кызы Азиза Океева ал күндөрдү мындайча эскерет: «Тойдун эпизоду күнүгө кеч киргенче тартылат. Дублдар кайталанат, күндө той, биз үчүн чыныгы майрам болгон. Той чындап болбосо да, музыка, шампандар чыныгы болчу». Музыкасын жазган орус-венгер композитору Шандор Каллош. Тасмадагы сүт тиши түшкөн бото көз кичинекей Анаранын ролуна Төлөмүш Океев кичүү кызы Алиманы тартайын деп ойлогон, бирок ал дал келбей калып, оператор Сагын Макекадыровдун кызы Анараны тартышкан. Учурда актриса Италияда жашайт. Сабира менен Темир көл жээгинде басып үй-бүлөлүк мамилелерин териштирген эпизодду тартып жатканда Гүлсара Ажибекова ыйлай албай кыйналганын Азиза Океева мындайча сүрөттөйт: «Улам бир дубль тартышып жарабай калып, кайра токтошот. Кеч кирип кетип, эртеси тарта башташат. Ошентип убаралана бергенде атам жанына барып түшүндүрүп жатып күтүүсүздөн жаакка чаап жиберди. Ызаланган актриса шолоктоп ыйлап ийди. Атам «Баштадык!» деген команда берип тартып кирди. Тартып бүткөндөн кийин атам кечирим сурады. Гүлсара Ажибекова да түшүнүп таарынган жок». Азиза Океева тасманы франциялык көрүүчүлөргө көрсөткөндө «1975-жылдары ушундай жакшы жашачу белеӊер? Ушундай жарашыктуу, модалуу кийинчү белеӊер?» деп таӊ калышкан экен. Тасма баш-аягы эки айдын ичинде Бишкекте, Ысык-Көлдүн Каракол шаарында жана Тамга айылында тартылган.
Похожие видео
Показать еще