Алтынай Нарбаева Бир тууганым 2016
"Бир тууганым" Сөзү : Алишер Тоотаевдики Обону : Алишер Тоотаевдики Биз төрөлгөн ошол үй базар болуп, Турчу эле го өзгөчө шаңга толуп. Азыр кайда бир тууган, асылдарым, Жүрөм баарың сагынып, куса болуп. Кайырма: Бир тууганым, таянар асылдарым, Аска-зоодой бел болор жакындарым. Карааныңар дем болот кайда жүрсөм, Амандыгың тилеймин баарыңардын. Биз чоңоюп, балалык артта калып, Ар кимибиз ар тарапка багыт алып. Азыр ата-эне болуп калгансыңар, Асыл жарлуу үй-бүлөдөн бакыт табып. Кайырма: Күндөр улам зымырап өтүп барат, Жүрөгүмдү сагыныч бөлүп-жарат. Сезимимди кусалык ээлеп алып, Жолугушар кезди күтүп жүрөм самап. САЛАМ ДОСТОР СИЗДЕР МУЗ ТВ ТЕЛЕ КАНАЛЫНЫН,ЮТУБТАГЫ АТАЙЫН СИЗДЕР ҮЧҮН АЧЫЛГАН КАНАЛЫН КӨРҮП ЖАТАСЫЗДАР,КЛАСС БАСЫП ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ РАХМАТ.
Похожие видео
Показать еще