Мирбек Атабеков & Алтынай Нарбаева - Мен сени суйом омур | Кыргызча караоке HD

22.09.2020
Мирбек Атабеков & Алтынай Нарбаева - "Мен сени суйом омур" | Кыргызча караоке Мен сени сүйөм өмүр Өмүр, багытым таппай издеп күйүп-жансам да, Өмүр, тагдырда жан үрөп мен өңдөн азсам да. Өмүр, бакытты азап жандап түйшүк тартсам да. Мен сени сүйөм, өмүр, Мен сени сүйөм, өмүр... Кайырма: Алдымдан азгырып чакырдың, ай, Алдың го жаштыктын жазын далай. Антсең да сыйлоого акым бар, ай, Мен сени сүйөм, өмүр... Берээрин билбеймин али эртеңдин, Тирүүлүк белегин араң тердим Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да, Мен сени сүйөм, өмүр... Өмүр, жетээрде бийиктикке кулап калсам да, Өмүр, өйдөлөп кайра турар кубат алсам да. Өмүр, алдыңа далай сынып ыйлап барсам да, Мен сени сүйөм, өмүр, Мен сени сүйөм, өмүр... Кайырма: Өмүр, күз болуп салдың мени сагынычтарга, Өмүр, учурдуң кээде ак кар бурганактарга. Өмүр, көктөмдөй сага бирок али куштармын. Мен сени сүйөм, өмүр, Мен сени сүйөм, өмүр... #МирбекАтабеков #МенСениСуйомОмур #АлтынайНарбаева #МенСениСүйөмӨмүр #КечээБугунЭртен #КыргызчаКараоке #Өмүр

Похожие видео

Показать еще