Азаттык /Атамбаев Австрияда
Президент Алмазбек Атамбаевдин Европанын беш мамлекетине жана Еврошаркет менен ЕККУнун башкаруучу институттарына жасаган расмий визити 23-мартта башталды. Кыргызстандын Европанын беш ири мамлекетине жасаган иш-сапары бүгүн, 23-март күнү Австриядан башталды. Мамлекет башчысын биринчи айым Раиса Атамбаева жана бир катар жогорку кызмат адамдары, ишкерлер коштоп жүрөт.