Октябрь окуясы: Сот жараянындагы суроолор HD

20.04.2022
Ушул күндөрү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуялар боюнча сот жараяны жүрүүдө. Айыпталуучулардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчылар бар. Алар бул иш калыс тергелген жок деген жүйө келтирүүдө. Прокуратура болсо Атамбаевдин сот залындагы соңку аракеттери мыйзамга каршы келерин эскертүүдө. Соңку учурдагы саясатташкан жараяндын жагдайларын бүгүн «Эксперттер талдайт» программасында талкуулайбыз. Көрсөтүүгө октябрь окуялары боюнча айып тагылып жаткан саясатчы Жеңиш Молдакматов, мурдагы сот, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова, экс-депутат Кубанычбек Кадыров жана Башкы прокуратуранын өкүлү Азизбек Шүкүрбеков катышат. Талкууну Бакыт Асанов алып барат. Талкуу саат 19:30да «Азаттыктын» социалдык тармактардагы баракчалары жана NEXT TV каналынан түз көрсөтүлөт. #Эксперттерталдайт #Кыргызстан #Азаттык _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​ https://www.instagram.com/azattykmedia/​ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​ https://www.facebook.com/azattyk​ Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​ https://t.me/azattykrus

Похожие видео

https://youtu.be/vUtedMWGXs0 Бул видедо Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровду жок кылыш үчүн УКМКнын кызматкерлерине буйрук берип, жөнөкөй жарандарды ур тепкиге алдырып, Садыр Жапаровко каршы көрсөтмө бересиңер, макул болбосоңор 8 жыл түрмөдө олтурасыңар, макул десеңер менин указым менен помиловать этилип, азыр бошотуласыңар деген Атамбаевдин кылмышы жөнүндө токмок жеген балдар өздөрү айтып жатышат. Чынында бул балдар Алмазбек Атамбаевдин указы менен помиловать этилип, былтыр октябрь айында камактан чыгышкан экен. Атамбаев кызматтан кетээринде чыгарып кетиптир. Жаңы бийлик келип, адилеттүүлүк орногондон кийин чындыкты айтып жатабыз, Атамбаевдин убагында айта албайт элек дешет. Эми ушинтип чындык ачылгандан кийин, Жогорку сот Садыр Жапаровду актоо өкүмүн чыгаргандан башка эч бир жолу жок. Жабырлануучу деген Каптагаев башынан эле Садыр Жапаровдун бул ишке эч кандай тиешеси жок деп келет. Эми жаңы президентибиз Сооронбай Жээнбековдон адилеттүүлүктү күтөлү.
14.05.2018
15:20

одноклассники
Показать еще