Жаңылыктар | 9.06.2022 | Данияр Үсөновдун 20 гектар мыйзамсыз жери HD
Украинадагы согуштан улам дүйнөдө ачарчылык жана жакырчылык күчөшү ыктымал. 8-июнда Улуттар уюмунун баш катчысы Антониуо Гуттериш согуштун кедергиси 1,6 миллиард адамга тиерин белгиледи. Кыргызстандын мектептерин быйыл 67 миңден ашуун улан-кыз аяктап жатат. Келечекте алар каалаган адистиктердин катарында IT инженериясы менен байланыштуу жаңы технологиялар кызыгуу жаратууда. Парламентте мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновго тиешеси бар делген Бишкектеги жер тилкесинин маселеси көтөрүлдү. Айрым депутаттар Үсөнов 20 гектарды бекер алганын билдирип, аны мамлекетке кайтарууну талап кылышууда. #украина #акыркыкоңгуроо #үсөнов _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/ https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus
Похожие видео
Показать еще