Моё видео
Бакыт издеп ар күнү бул өмүрдөн, Кайгыларга малынбай күлө билген. Жаратканга ким эгер шүгүр кылса, Ал Бейиштик,бакчасына гүл эгилген. Кайгы,бакыт коштогон атып таңдар, Таш жүрөгүн жибитип,жашыткан бар. Андайлардын максаттары бирөө гана, Ал момундар сени көздөй ашыккандар. Бейиш жайдыр өлүмсүз түбөлүктүн, Батпас анда кайрадан түнөрүп күн. Жаныбыз ырахаттын даамын татып, Болбос анда ойлору бүдөмүктүн. Карылык жок бардыгы жаш болушар, Оору да жок,дендери сак болушар. Келбеттери туптунук,келишимдүү, Жуп болгондор бир-бирине чак болушар. Кайсы жерден кааласаң көчөт чыгар, Мөмө-жемиш түр-түрлөп өсөт чыгар. Түгөнбөгөн берекенин жайы Бейиш, Эч ким болбос ал жерде эсеп кылар. Кызык Бейиш Кээ бирде бир нерсени ойлой берем, Ойлогонду эч эле койбой келем. Адам ата,Обо эне куулбаганда, Бейиште кандай жашоо болмок деген?. Ал жерде балким жакшы жашайт белек, Же мүмкүн ал жактан да тажайт белек. Бул дүйнөдө жасаган оокаттарды, Ал жактан да ушинтип жасайт белек?. Ал жайдан да күн чыгып,ай батабы, Суусу барбы,балыктары чардашабы. Кечкисин бийиктерден жымыңдашып, Бийитерден жылдыздары жайнашабы?. Ал жактын да он эки айы барбы, Ызгардуу кыш,аптаптуу жайы барбы. Кыскасы ал жактын баары кызык, Же Бейиште жерде жоктун баары барбы?.
Похожие видео
Показать еще