ГИМНДИ БИЛБЕГЕН ДЕПУТАТ КЕЧИРИМ СУРАП, ТОЛУК ЫРДАП БЕРДИ HD
Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев кыргыз элинен кечирим сурайт Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Пархат Тулендыбаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин туура эмес аткарып алгандыгы үчүн расмий түрдө кечирим сурайт. “Гимн - кыргыз элибиздин башкы мамлекеттик символдорунун бири. Анда биздин байыркы тарыхыбыз, эркиндикке болгон мүдөөбүз жана жаркын келечекке карай умтулуубуз туюнтулган. Гимнди эгемен өлкөбүздүн ар бир атуулу билүүгө милдеттүү. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Гимнибизди жаңылыш аткарып алганым үчүн кыргыз элимден башымды ийип кечирим сурайм жана абдан өкүнгөнүмдү билдирем. Ошондой эле Гимнибизди мындан ары кынтыксыз аткарууга милдеттеме алам”, - дейт эл өкүлү. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы Депутат Жогорку Кенеша П.Тулендыбаев приносит свои извинения Депутат Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Пархат Тулендыбаев приносит свои извинения. Приводим текст ниже: «Приношу свои глубочайшие извинения перед народом Кыргызстана за то, что неправильно исполнил гимн Кыргызской Республики, который является одним из главных символов нашей государственности. Считаю, что подобное является неприемлемым для любого кыргызстанца, в особенности для депутата парламента. Обещаю впредь не допускать подобных ошибок и продолжить свой труд во благо народа и страны в целом. Приношу еще раз свои самые искренние извинения».