AGA-INI & Айганыш Aбдиева- Үмүт Шамы HD

25.01.2017
Бишкек, Кыргызстан. _ текст: Үмүт шамы кайырма: Окшош күндөрдүн, барбы аягы? Аёосуз жүктөгөн кайгы. Орундалабы жакшы жашоо кыялдагы? Кабыл болуп жаш балдардын ыйлап кылган дубалары. I Эшикте караңгы, түнкү үчтүн чамасы. Тарс-турс ачылып-жабылды үйдүн каалгасы. Буркурап арак сасып, дагы эле кыйраткансып, Адаттагыдай мас төрт баланын атасы. Уктап жаткан балдары, ойгонуп ордунан, Керебетин алдына жашынат аябай коркконунан. Баягы эле корунуш жаңжал, ызы чуудан турган Түшүнүксүз... кайталанган улам улам. “Бул кургур балдарын ойлойбу деги” деп Көп ирет угулган туугандарынын кейигени. “Тур-тур” деп ойготуп, жиберчү эле ишине Келинчеги ойлонуп, балдарынын жеп ичкенин. Бат айбан айланып, ичип алса аракты, Кайталанган күндөр менен үй-бүлөөсүн тажатып. Көрбөгөндү көргөзгөн, тарттырган нечен азапты, Мас атанын кылыгынан нечен деген жаш акты. кайырма: Окшош күндөрдүн, барбы аягы? Аёосуз жүктөгөн кайгы. Орундалабы жакшы жашоо кыялдагы? Кабыл болуп жаш балдардын ыйлап кылган дубалары. II Кайрадан мас келди, ишинде жылыш көрүнбөйт, Демек жинин үйдөн чыгарып, кол көтөрүп сөгүнөт. Аялы баары чыдайт, сабырдуу болуп күндө, Ыйлап-сыктап айтканы "балдарында не күнөө?" Сөзүм өтүмдүү болсун деп кайрылып соо кезинде, Айтты кийинкилерди карап туруп көзүнө: “Чындык барбы кечөө сенин ичпейм деген кебинде, Убада бербедиң беле турасынбы сөзүңө?” Жолукса күндө ичкен аракеч досторуна, Жөн гана шылтоону айлантып чоң майрамга, Уланат элүү элүүнүн артынан, Такыр көңүл бөлбөй үйгө, үй-бүлөөнүн абалына. Уялат, балдары ичип жүрсө атасы, Кубанат, балдары ичпей келсе атасы, Суранат, Кудайдан ичпесин деп атасы. Эл катары алардын да келип жашагысы. III Дагы эле өчө элек үмүт шамы жалындаган, Оңдосо болот го каталарды жүрөктү кыйнаган. Баш тартып бүтүндөй жамандыктан-жакшылыкка кадам жасап, Ак жол менен алга бассаң. Кайырма: Окшош күндөрдүн, келет аягы, Аёосуз жүктөгөн кайгы. Орундалып жакшы жашоо кыялдагы, Кабыл болуп жаш балдардын ыйлап кылган дубалары. ==================================================== Сотрудничество и организацияКызматташуу жана уюштуруу: тел.: +996 772 18 43 62 E-mail: Jolboldu93@yandex.ru ========================================= Мы в социальных сетяхБиз социалдык тармактарда: AGA-INI: INSTAGRAM - https://www.instagram.com/againi VK.COM - http://vk.com/againi FACEBOOK - https://www.facebook.com/againi _ Эмир: INSTAGRAM - https://www.instagram.com/emiragaini VK.COM - http://vk.com/emiragaini FACEBOOK - https://www.facebook.com/emiragaini _ Кайбар: INSTAGRAM - https://www.instagram.com/kaibar_againi VK.COM - http://vk.com/kaibar_againi FACEBOOK - https://www.facebook.com/kaibar.againi

Похожие видео