Жаны ыр 2018 / Сайкал Садыбакасова - Жакшы соз айтчы мага + текст

30.08.2018
Лайк и Подписка!! https://www.youtube.com/channel/UCbMxwxhLGz7gNHsfRYJkLJ Жакшы сөз айтчы мага Сөзү: Бактыгүл Чотурова Обону: Сыймык Бейшекеев Кара көз, асылзатым, Кашымда жүрчү жакын. Карааның издеп келем, Кайталап улам атың. Кайырма: Жаркылдап кашты кага, Жакшы сөз айтчы мага. Жүз жылга жашоочудай, Жүрөккө тапчы даба. Жароокер, жарпым жазчы, Жан дүйнөм тарткан санаа, Жарыгың чаччы кана, Жакшы сөз айтчы мага. Жарыгым, жакшынам, эй, Таалайым, татынам, эй. Карегиң тик кароого, Кантип мен батынам, эй? Кайырма Топ балдар бара жатса, Көрүнбөйт сенден башка. Бакытым өзүң болуп, Багындым махабатка. Кайырма Жароокер, жарпым жазчы, Жан дүйнөм тарткан санаа. Жарыгың чаччы кана, Жакшы сөз айтчы мага. Жарыгың чаччы кана, Жакшы сөз айтчы мага. Жакшы сөз айтчы мага.

Похожие видео