Акбар Кубанычбеков - ЖАЙЛОО ТАҢЫ HD
ЖАЙЛОО ТАҢЫ Жылдыздын элесин өчүргөн, Мунарык тартылып көрүнгөн. Ак төөнүн чуудасы сыяктуу, Асманга из салып бөлүнгөн, Сүрүлдү таң дагы чыгыштан, Сүт сымал булутка төгүлгөн. Корозго биринчи таң атат, Жарыкка үн коштоп таратат. Чабандес ноктосун даярдап, Тушалган атына баратат. Самоорду тутантып жубайы, Ысык нан, каймакты саматат. Айлана көйнөгү жашылдан, Аруулук дүйнөгө чакырган. Алты күн кымызга келишкен, Уйкуда шаардыктар шашылган. Тоолуктар чынында кең пейил, Тар үйгө баардыгын батырган. Жылкысын желеге байлоого, Жылкычы турнабай асынган. Акиси азыр да кетпеген, Союздун сарайы кеп-кенен. Эчки-улак эшигин сагалап, Козулуу кой жатат кепшеген. Саалган уйлары ат жолдо, Тизилип баратат бет менен. Жайлоонун жыргалы ушудур, Эч ким жок саат карап чектеген. Абада ар түркүн гүл жыты, Жан болбос жыпарын сезбеген. Шурусун табият төккөнбү, Шүүдүрүм уялап чөптөрдү. Мончоктой жайнаган балдарын, Чоң эне унутпайт өпкөндү. Бул жерде чоң ата төрөлүп, Бул жерде өмүрүн өткөрдү. Кырк жылы жылкычы болушуп, Кызыктуу күндөрдү көп көрдү. Бал кымыз, баглан козу алып, Сыйлаган кетирбей көптөрдү. А азыр, картайып ал экөө, Ал-күчү, кайраты бөксөрдү... Таң эрте көмкөгө бышырган, Ырысты чакырган ысык нан. Шарактап кайнаган чай келет, Эркенин жашындай сызылган. Жалпак там ичинде тирүүлүк, Самоордон арчанын жыты урган... Кыялым ар дайым бул жерде, Турмуштун торунан кутулган. Коктунун шамалы бир укмуш, Коштогон санааны учурган. Бакыт бар айрандай уюткан, Баргандар бардыгын унуткан. Артына чай куюп бүткүчө, Кайра асты чынысын сунушкан. Аңгыча ортого коюлат, Түндөгү бышкан эт жылыткан. Кызыл бет балдары чабандын, Кызыкты таң эрте курушкан. Кубалап четинен үзөм дейт, Салаңдап суу ичкен булуттан. Суур чыгат ийинден баш багып, Күн жатат чыгышты жазданып. Бөксө тоо бүкчүйгөн чалга окшоп, Жондорун тоскондой кактанып. Сыдырым жел жүрсө түркүн чөп, Бийлеген өңдөнөт шаттанып. Койчуну узатат аялы, Жаркылдап жайытка аткарып. “Ал, ал” - деп итине чоң болуп, Ал барат койлорун башкарып. Жомоктой жайлоонун ар таңы, Жоголбойт жүрөктө сакталып. 16.03.2021 Акбар Кубанычбеков
Похожие видео
Показать еще