Татына "Мени менен бирге" Жаны клип! HD
"Мени менен бирге" Сөзү.Акбар Кубанычбеков Обону.Азамат Такырбашев, Алмаз Куланбаев Арзуудан жүрөк жашарат. Арзуудан жүрөк тазарат. Ааламды турган жаңыртып. Жан азык болот махабат. Жарашса көңүл-көңүлгө Жаралат сүйүү өмүрдө . Кадырың билбес жандарга Жамгыр болуп төгүлбө. Кайырма: Мени менен бирге Дүйнө кезип кетем десең, десең Сени менен бирге Жүрөк үнүн сезем эгер билсең 2-куплет: Дүйнөмө келди күлүп күн Таратып нурун сезимдин Көркөмү болдун бир өзүң Жаңырган таным кечимдин. Үмүтсүз ойго багынбай Тандадым билем жаңылбай. Жараткан берди каалаган. Тилек тагдыр багымдай! Кайырма: 3-куплет Арзуудан жүрөк жашарат. Арзуудан жүрөк тазарат. Ааламды турган жаңыртып. Жан азык болот махабат. Үмүтсүз ойго багынбай Тандадым билем жаңылбай. Жараткан берди каалаган. Тилек тагдыр багымдай! Аранжировка:Азамат Такырбашев, Алмаз Куланбаев Продюсер:Ырыс Окенова Клипмейкер: Эдил Токтомамбетов, Илим Карыпбеков Подписывайтесь на канал, ставьте ЛАЙК, оставляйте комментарии ;)