Москвадагы мекендештерибизге КАЙРЫЛУУ!

10.05.2022
Сырттагы мекендештерибиздин көбү акча таап, жакшылыкка жетсем деген тилекте жүрүшөт. Бирок, көпчүлүгү акчасын туура сарптоону биле бербегендиктен зарылдыгы жок чыгашаларды кылып, максаттарына жетпегенсийт. Мекендештерибиз кирешесин тартиптеп, акчасын туура сарптоону үйрөнсө, деген максатта коомдук ишмер, өнүгүү тренери Мыктыбек Арстанбек «Тулпар» кайрымдуулук фондунун уюштуруусу менен Москвадагы мекендештерибизге жолугуп, «Акча сарптоо» тренингин өтүп бермекчи. Иш чара 28-29-май ишемби, жекшемби күндөрү «Партизанская» метросу, «Гамма-Дельта» мейманканасынын жыйындар залында болмокчу. Орундар аз, алдын ала катталуу үчүн төмөндөгү телефондорго байланышыңыз: +7 999 886 84 93 - Рустам +7 999 918 33 69 - Элиза +7 977 589 26 01 - Алина +7 999 882 21 09 – Нурислам Баарыңыздарды күтөбүз!

Похожие видео

Показать еще