Садыр Жапаров: "Эч ким бир да грамм алтын уурдай албайт" HD
Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда Кумтөр кенинин айланасындагы акыркы окуялар, биринчи Элдик курултайды өткөрүүнүн маани маңызы тууралуу айтып берди. — Урматтуу Садыр Нургожоевич, саламатсызбы! “Кумтөр” алтын кени Кыргызстанга өткөн соң кенен маалымат берем дедиңиз эле. Белгилүү болгондой, алтын кен бизге өттү. Учурда коомчулукта “19 тонна алтын жок, 21 тонна алтын кайда кетти? "Кумтөрдүн” алтыны кайда? Жаратылышка келтирилген зыян үчүн салынган айыптан эмнеге баш тарттык?" деген суроолор жаңырууда. Кенге байланыштуу кененирээк айтып берсеңиз, абал кандай? — Ооба, Кудайдын буйругу менен "Кумтөр" өз элибизге өттү. Былтыр 17-майда тыштан башкаруу киргизип, өз көзөмөлүбүзгө алганбыз. Эмне үчүн тыштан башкаруу киргизгенбиз? Себеби келишимдер боюнча "Кумтөрдүн" 74 пайызы "Центеррага" тиешелүү болчу. Ошондуктан мурда алар башкарып жүрүшкөн. Алар жаратылышты эл аралык нормаларга ылайык сактабай иштетип жатышкандыгына жана салыктарды толук төлөбөй жүргөндүгүнө байланыштуу тышкы башкаруу киргизгенбиз. Алар бизди үч жакка - Торонтого, Нью-Йоркко, Лондонго эл аралык сотко беришти. "Кумтөрдүн" бүгүнкү турушу 3 миллиард доллар болчу, Кыргызстан тартып алды" деген дооматтарды кое башташты. Биз болсо дароо эле жаратылышты талкалаганыңар үчүн деп үстүртөн эле эсептеп, биз дагы "3 миллиард долларлык дообуз бар" деп кагаз жүзүндө жазып койдук. Аны эсептеп чыккан эч ким жок. Эсептеп чыкчу методикаларыбыз дагы так эмес экен. Кыскасын айтсам, "Ормон опуза" кылып, абадан алып эле жазып койдук. Алар болсо ынанчу түрлөрү жок. Болбой эле соттордо алдыга кетип жатышты. Анткени алар кайсы соттон болбосун, жаратылыш үчүн биз бир тыйын утпашыбызды билишет эле. Себеби биздин мурдагы сатылма, шалаакы, кайдыгер чоңдорубуз, депутаттарыбыз мөңгүлөрдү талкалай берсеңер болот деп мыйзам кабыл алып беришкен. Мыйзамдаша келсек, чындык алар тарапта болчу. Анткени биздин эл душмандары кабыл алып берген мыйзамдар менен иштешкен. Эмне кылыш керек? "Коррупциялык жактан келтирген зыяндарын дыкат иликтеп чыккыла" деген буйрук бердим. Албетте, төлөбөй жүргөн салыктары чыкты. Аларды "Кумтөргө" төлөттүк. Ошентип бир жыл бою талаш-тартыштар уланды. Сүйлөшүүлөр жүрдү. Акыры алар ынанып, "Кумтөр" 100 пайыз Кыргызстанга өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз илгертен бери ала албай жүргөн 53 миллион доллар чет өлкөдө трасттык фонддо жаткан акчабызды Кыргызстанга котортуп алдык. Бул акча – "Кумтөр" токтогондон кийин жаратылышты калыбына келтирүүгө жумшала турган акча. Буга чейин чет өлкөдө бир банкта жаткан. 30 жылдан бери кайсы саясатчы "Кумтөр" темасын көтөрбөсүн, "Эмне үчүн чет өлкөлүк банкта жатат? Биздин банктарда сактагыла, биздин банктар пайдасын көрсүн!" дешип, ушул акча жөнүндө кеп кылышчу. Бирок биздин банктарга бир доллар дагы которуп бере алышкан эмес. Мына бүгүн Улуттук банкка келип түштү. Эми "Кумтөр" бүткөнгө чейин 53 миллион доллардын пайдасын биздин банктар көрүшөт. Мындан сырткары, бизге 50 миллион доллар компенсация төлөгөн