АКЫЙКАТ ИЗДЕГЕН АКСАКАЛ / БИЗ УРБАДЫК ДЕГЕН КАРООЛ / КЫМБАТ БААЛУУ КУЛУН
Асалоому алейкум урматтуу көрөрман АЙТПАСАМ БОЛБОЙТ автордук көрсөтүүсүнүн бул чыгарылышында акыйкаттуулукту издеп арыз менен кайрылган аксакал жөнүндө баян кылабыз. Ушул жылдын 10 августь күнү биздин телеканалга Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Ачы айылынын Акбулак участкасынын тургуну Тойчубек Курбаналиев аттуу аксакал кайрылган. Ал катта Ак-Булак айылында мал жайытка жана дыйканчылык кылуу багытында үлүшкө деп берилген жерлерибизди, үлүш ээлеринен сурабай, өз алдынча кожоюн болуп жайытта оттоп жүргөн малдарыбызды, жылкыларды камап, айып пул салып, салынган айып пулду төлөй албаган колунда жокторду уруп, коркутуп, чоң суммада акча сурап, болбосо кулунду бересиң деп талап кылган таң калыштуу кароолдор жөнүндө жазылган. Кыскартып айтканда Тойчубек Курбаналиев бир тууган иниси Алишер Курбаналиев жайытты кайтарган кароолдор тарабынан сабалгандыгын айтып арызданган. Айтылган арыздын негизинде биздин чыгармачыл топ Алмалуу айылына бардык. Кароолдор тарабынан сабалды делген Алишер Курбаналиевге жолуктук. Окуя кандай болгонун өз оозунан уктук.