AZA03/PARA
Көрдүм бул жашоонун жан кыйнаган тозокторун Көндүм угуп бул өмүрдүн бай көрүнгөн жомокторун Көптүн көбүн пайдаланып пайда тапкан оймокторун Көздүн түбүн боёп алдап соолап алып койгондорун Көлдүн түбүн казып-жарып уран табып тоңотпоорун Колдун кирин карап туруп пайдаланып тойгондорун Карап туруп жаның кейит неге мурда ойгонбодум Кара тагың жүрөгүңдө кала берет катып тоңуп Акыйкаттын жолун издеп жүргөндөрдүн алы кетти Акыйнегин айтып келет четке кагып аракети Аракеттин балекетин алып не кыласың деди Акча деген барын чечет жада калса келечекти Келечектин бар экенин ким билерин билесиңби Келесонун куру сөзүн кулагыңа илесинби Келе жаткан жаштар дагы акмактарга теңелсинби Кээжирленип кыйын сезип мен бүтүрөм дегенсиди Көрбөй калат, билбей калат,иттер үрөт,кербен жүрөт Көзүң барда собуң тарат, бир күндөрү токтойт жүрөк Токтотсоңчу адатыңды, жардам берип кылып көмөк Сындырасың канатынды, эч ким болбойт таяк жөлөк Эл жемелеп,ит жетелеп, тергөө келет, акчаң себеп Жаның желет, намыс кетет, эң акыркы акмак дешет Жалган дүйнө,куру күнөө, толгон азап кимге керек Казыгыңды кагып коюш оңой эле колдон келет Ойлонгунуң келечегин өсүп жаткан балдарыңдын болтурбагын башкаларга акча менен көз каранды Ал тарапты бул тарапты уга берип жер жалатты Андан көрө көтөрүүнүң жерден бийик ак калпакты!