Баткен: Чала жолдон чарчаган элеттиктер HD
2014-жылы бүткөрүлө турган Айгүлташ-Согмент-Таян жолу 11 айылдын жашоочуларынын Өзбекстандан көз карандысыз каттамы болмок. Аймактарды өнүктүрүү жылында бул аймак өнүкпөй эле элеттиктердин көйгөйүнө айланды. Чала калган жол кыш жакындаган сайын тайгакка айланып, жүргүнчүлөр азап тартышууда. Жолду куруу иштери 2012-жылы башталган болсо, аягына чыгаруу ары турсун алигече мамлекеттик казынада акча тартыш деген гана жооптор коштолуп келет.