Урматтуу президент, жегичтерден качан кутулабыз?
Бүгүн УКМК тарабынан коррупциялык схемаларды уюштуруу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкерлери, ошондой эле КР транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорттук көзөмөл пунктунун кызматкерлери кармалды. Мамлекеттин казынасы эңшерилип турганда өз чөнтөгү үчүн иштеген аталган кызматка тийешелүү агентиктин жетекчилерине аттарын атагысы келбеген (өмүрүнө коркунуч жараларына шектенишет) кызматкерлер президентке ачык кат жазышты. КРдин транспорт жана жол министрлигинин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агентигинин Чүй аймактык башкармалыгынын кызматкерлери президент Садыр Жапаровго кайрылышты: Урматтуу Садыр Нуркожоевич, жөнөкөй айдоочулардын канын кактабай ичкен Автотранспорт агенттигинин коррупционерлеринен качан тазалайсыз? Ансыз да айдоочулардын көйгөйү ашып турганда, солярка кымбат, кытайга жүк жок, көптөгөн чет өлкөлөргө чыга албай атканда Автотранспорт агенттигинин кызматкерлери айлабызды алты кетирип бүтүрүштү: 1. Жумалиев Таалай агенттике директордун орун басары, бул жегич 2013 жылы 100 000 сом менен пара алып кармалган, болбой эле кайра келип, көнгөн адат менен жүк ташуучулардан опузалап эл аралык жүк ташууга берилген 100 сомдук дозволдорду 100 доллардан Бектур Дербишев деген экөө байма бай сатып көздөрүнө эч кимди илбей калышкан. Анысы аз келгенсип жылдын башынан бери Литва, Латвия, Турция, Казахстан деген дозволдор жок, Эвропанын дозволдорунун жоктугунан визаларыбыз ачылбай, жүктөрдүн баарын башка өлкөнүн фуралары ташып атышат. Жумалиев Таалай, Дербишев Бектур, Нанаев Талант булар күндө жумуш ордунда мас абалында иштешет, лицензияларыбыз, дозволдорубуз бешинчи күнү кечинде буларга бир бөтөлкө арак алып келмейин атайылап биринчи күнгө калтырылып бизди кыйнап келет. 2. Нанаев Талант автотранспорт агенттикте лицензиянын бөлүм башчысы, лицензия берген бөлүмдү акча чогулткуч жайга айлантып алган, ал жака өзүнүн кайнисин жана өкүл балдарын чогултуп алып ар бир фурага берилчу лицензияны 1000 сомдон а фирмага берилчү лицензияны 1000 доллардан опузалап алып, бербесең жумалап айлап ала албай ошол жакта сагалап жүрө бересиң, сиз бир сотту жумуш ордунан ичкени үчүн жумушунан алдыңыз эле аа бул эргул күндө мас болуп биздин көзүбүзчө эле төрт аяктатып жетелеп чыкканын көрүп эле жүрөбүз. 3. Дербишев Бектур агенттиктин кызматкери, кайсыл жакта кызылдай акча көрүнсө ошол жака башын тыгып, жалпы республика боюнча маршруттук каттамдарды тендерден уттуруп берем деп фирмалардан 1000 $ 2000 $ акча алат, анысы аз келгенсип агенттиктин кире беришине туруп алып дозволду, лицензияны кезеги жок алып берем деп айдоочулардан акча алып кезекте турган жөнөкөй айдоочулардын кыжырына тийип келет. Мунун баары бир сыйра пара алып соттолуп чыккан эргулдар. 4. Агенттикке келген жаңы жетекчи Айтиев Шухрат деген билими жок сабатсыз кесиби педагог журналист, өмүрүндө транспорт тармагында бир да күн иштебей кайсы крышасынын эсебинен бул кызматка келип калганы белгисиз, себеби мыйзам боюнча бул кызматка бери деге
Похожие видео
Показать еще