Дастан Бекешев: Бою кыскалар аскерге кызмат өтөөгө бара алабы? HD
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаевке "бою кыска жарандар аскерге кызмат өтөөгө бара алабы?" деген суроо салды. Эл өкүлү мындай суроосунун себебин айрым жарандар ден-соолугуна байланыштуу, башкача айтканда боюнун жетпегендигинен аскерге кызмат өтөөгө бара албастыгына карабастан, аларга аскер кызматкерлери акча төлөп кыска мөөнөттө (альтернативдик) аскердик билет алууну сунуштап жатканын айтып кайрылып жатышканы менен түшүндүрдү. #бекешев #военкомат #кыргызстан