Уяты жок
Москвада “Камап коюшту, алып кеткиле! Даректи билбейм, суу эле берип жатат” деген кыргыз кыздын калпы чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда “Кыргыз Республикасынын мигранттарын колдоо” фондунун директору Тимур Саралаев билдирип, соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. Маалымат төмөндө толугу менен: Москвадагы алдамчылар… Медалдын экинчи тарабы. Тилекке каршы ушундай болуп калды, кыргыздар Москвага келгенде кыргыздарга алданат (жасалма документтерди, табиятта жок арзан батирлерди сунуштап, иштетип айлык бербей койгондору, ж.б. толгон токой жолдор менен акча өндүрүү жолдору ойлоп табышат). Болуптур бул жагы, көнүп деле бара жатат көз менен кулак. Эң күйдүргөнү кайра эле алдоо, бирок бул жолу башкача. Бир топ жаштар өзүлөрү туура эмес иштерди кылып, бош жүрүп алышып, анан ата-энесинен, туугандарынан сөз укпаш үчүн элди дүрбөлөңгө салганы кыжалат кылат. Сүрөттөгү башын жерге салаңдап салып турган Таңзада деген кыз, – “кече күнү мени бирөөлөр алдап алып кетип, камап коюшту, алып кеткиле мени, даректи билбейм, суу эле берип жатат”, деп боздоп аудио билдирүү жөнөткөн экен. Ал заматта бүт тайпаларга тарап, 3 күндөн бери дайынсыз деп кыргыздын Москвасы чуулдап эле жатып калды, чурулдаганыбыз башы Элчи Аликбек Жекшенкуловго чейин жетип, ал киши дароо бул ишти өз көзөмөлүнө алып, андан соң Москва шаарынын ИИМ начальнигине чейин айтылып, акыры издөө башталган. Соц.тармактардын күчү керемет демекчи, Москвадагы бир чоң дүкөндөрдүн биринде камалбай-боздобой эле, койкоюп жүргөн бул карындашты биздин мекендешибиз таанып калып, коңгуроо кагып, элди чакырып, кетирбей аны кармап калды. Тирүү, аман-эсенине бир чети сүйүндүм, а бирок калп айтыштын кереги бар беле миңдеген адамдарды дүрбөлөңгө салып, “ложный тревога” кылып? Полковник Аскат Алиевтен баштап, далай начальниктер баш чайкашты го кыздын кылыктарына… Көрсө, бир караңгы подвалда камалып олтурбай эле, жакшынакай бойдон ар кайсы жерде тентип жүрүптүр… Муну менен эмнени айткым келет? Бул жака келсек да тынч жүрөлүчү, жаман жактарыбызды көрсөтпөй, жакшы жагыбызды гана даңазалайлы, ини-карындаштарыбызды, өзгөчө кыздарды карайлы мекендештер.