Кыргыз бийлиги ишенген "Эрдоган ЖАШЫЛ жайытында" кар жатат HD

21.06.2021
Түрк президенти Тайып Эрдогандын Садыр Жапаров менен бирге берген пресс-конференциясында айткан: “ФЕТӨ (Кыргызстанда) кайра өзүнүн кандуу кара жүзүн көрсөттү”, - деген сөздөрү мен үчүн табышмактуу калган. Көрсө Эрдоган бул сөзү менен Түрк чалгын кызматы аркылуу, кыргыз бийлиги менен мафиясына Орхан Инанды жана САПАТ билим берүү мекемелерине каршы провокациясына жасатканы турган пландын бетин ачып коюптур. АКШда куугунда жүргөн түрк көз-карандысыз журналисти Адем Явуз Асланга Анкарадагы нетворкинги эмне үчүн дагы эле маалымат берип турат? Ага берилген маалыматтар боюнча Түрк чалгын кызматынын (MIT) башчысы Хакан Фидан Кыргызстанда Орхан Инанды жана САПАТ билим берүү мекемелерине каршы провокация даярдап жатат. Орхан Инанды Түркиянын Бишкектеги элчилигинде Ага атайын дарылар сайылып, кыйноо кылып Орхан Инандыга атайын даярдалган кагаздарга кол койдурулуп, Кыргызыстандагы Орхан Инандынын өзүнө жана САПАТ бирикмесине каршы каралоо кампания баштатканы жатат. Түркияда болгон нерселердин баарын ишке ашырышат. Бул үчүн кыргыз бийлигине жакшы акча да берилген. Атайын каралоо компаниясын жүргүзүү үчүн атайын бюджет чукталган. Ал акчадан Фесбуктун алгоритмдер менен ойногон системасына акча төлөнүп, Орхан Инанды менен САПАТТЫ каралаган видеолордун көп көрүлүүсүн камсыздап атышат. Мындан сырткары MIT кыргыздардын бир мафия тобу менен макулдашып, кыргыз саясатчыларына кол салдырып, аны САПАТка тиешеси бар же аны коргоп аткан кишилер кылды дедиртип, билим берүү мекемесин криминал иштерди кылат деп көрсөтүү планы да бар. Кыргызыстан бул маселеде пилоттук долбор катары колдонулмакчы. Кыргызыстанда мындай кампания ийгиликтүү болсо, Орто Азия менен Балкандардагы башка мамлекеттерде да ошондой аракеттери кылууга жол ачылат деп ойлоп атышат. Орхан Инанды Кыргызыстанда символикалык маанидеги киши болгондуктан, Түрк бийлиги аны кыйнап, дары сайып, ал кол коюп берген кагаздарды колдонуп аркасынан ушундай макро-долборду ишке ашырууну пландап жатат. Түркиядагы саясат менен кадрдык курамдын абалы ушундай! Орхан Инанды маселеси шейшемби 15-июнда АКШнын конгессинде күндемге келди Адам укуктары комитети демократ жана республикачы сенатору Түркия боюнча адистерге суроо беришти Кишини уурдоону кантип токтотсо болот? Шаршемби 16-июда АКШнын Акүйүнүн (Капитолий) алдында митингде Техастын конгрессмени жана АКШнын башка белгилүү инсандары келип, “Орхан Инанды табылсын”, - деген кыргыз митингчилерин колдоп сүйлөдү.

Похожие видео