"Кумтөрдөн" жоголгон 171,5 миллион АКШ долларын ким төлөйт? - BBC Kyrgyz HD
Бишкектеги “Акча жана бийлик” газетасы бийликтин бардык органдарына “Кумтөр” долбоорунан Кыргызстан тарткан 171,5 миллион АКШ доллары көлөмүндөгү зыяндын ордун ким төлөйт жана бул экономикалык зыян үчүн эмнеге эч ким жоопко тартылган эмес деген суроо коюп, кезектеги кайрылуусун жолдогонун билдирүүдө. Кабарчыбыз Кубат Чекиров аталган газетанын аналитик-журналисти Максат Мамыткановду маекке тартып, мынчалык ири көлөмдөгү экономикалык зыянды ким жана качан эсептеп чыкканын сурады. Би-Би-Синин видео баяндарын толугураак сайтыбыздан көрүңүз: http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/