"6 ай сайын дарыланыш керек" доктурлардын айтымы боюнча Маликаны ооруканага жаткыздык! HD
Белгисиз ооруга чалдыккан Малика Мухамеджан кызын будан бир жума мурун ооруканага алып барганыбызда доктурлар 6 ай сайын дарылануу керектигин айтышкан. Ал эми бүгүн “Кайрымдуу бол” коомдук кайрымдуулук фондунун жааматы менен Малика Мухамеджан кызы Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Кыргыз Курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтуна алып барып, Ал жактан өз кесибинин мыкты билген адистер менен жолуктуруп, аталган воронцовкадагы ооруканага жаткыздык. Ал жактан “Кайрымдуу бол” коомдук кайрымдуулук фондун жана Малика Мухамеджан кызын жылуу тозуп алышты. Мамлекетибиздин өнүп өнүгүүсү элибиз бири-бирине кайдыгер карабай жөлөк-таяк болуудан башталат. Себеби байыртадан ата-бабаларыбыз ынтымакты бекемдеп, бири-бирин талаада таштабагандыктан ушул күндө кыргыз деген атыбыз бийик аталып келет. Муктаж болгон элибизге бир кана акча менен жардам бербестен жылуу мамиле тартулоо дагы жардам берүү болуп саналат. Андыктан “Жетим баланын башынан сылап, жесирдин курсагын тойгузуп” жардам берсек жаратканыбыздын белегине татыйбыз. “Кайрымдуу бол” коомдук кайрымдуулук фондун бир кана акча менен колдобостон биздин ютуб каналыбызга катталып койсоңуз бул дагы чоң салып болуп эсептелет. Андыктан каналыбызга катталыңыздар!