"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары спорт залдын ачылышында
Бүгүн, 20-декабрда Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл аймагындагы Арзый Исмаев атындагы орто мектептин спорт залынын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Бахадыр Сулейманов, Абдимуктар Маматов, Наталья Никитенко, Сайдулла Нышанов жана жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилери, айыл тургундары, мектеп окуучулары катышты. Жаңы курулган спорт залдын тасмасын кесүү салтанатында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов Аймактарды өнүктүрүрүү жылында курулушу мындан бир нече жыл мурда башталган бир топ социалдык мекемелер салынып, колдонууга берилгени жакшы көрүнүш экенине токтолду. “Бүгүн колдонууга берилген спорт залдын курулушу үч жыл мурда башталган, андан бери курулуш аягына чыкпай келген. Эми 2018-жылы - Аймактарды өнүктүрүү жылында бүтүп, колдонууга берилгени жакшы саамалык. Спорт залды курууга мамлекеттик казынадан 14 млн сомго жакын акча каражаты сарпталды. Окуучулардын спорт менен машыгуусуна жакшы шарт түзүлдү. Келечекте чемпиондор чыгат деген үмүттөмүн”,-деди депутат Бахадыр Сулейманов. Белгилей кетсек, мектеп 1965-жылы курулган. Азыркы учурда 850 окуучу билим алып, 35 мугалим эмгектенет. Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал!