"Канаттууларыма заманбап бакча курам"
Кадамжайдын Халмион айылынын тургуну Райхан Салиева үйүндө канаттуулардын 21 түрүн кармайт. Ар бир чымчыкка аяр мамиле жасап, орулууларын дарыгерлерге көрсөтүп, тамак-ашын үзгүлтүккө учуратпайт. Канаттуулардын кармоо үчүн айына 32 миң сомдой акча сарптайт экен. Келечекте канатуулары үчүн заманбап бакча куруп алсам деген ниети бар.