ШЫКМАМАТОВ КОЧКОРОВДУ кур убададан алыс болууга чакырды HD
Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал! Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети “БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Майыптардын укуктары жөнүндө конвенция Башкы Ассамблеянын 2006-жылдын 13-декабрындагы 61/106 резолюциясы менен кабыл алынып, 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Ошону менен бирге, бир эле мезгилде Конвенцияга карата Факультативдик протокол да кабыл алынган. Анын негизги максаты баардык майыптар адамдардын укуктарын жана негизги эркиндиктерин, ошондой эле аларга тиешелүү аброюн сыйлоого артыкчылык берүү менен камтылган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун айтымында, 2018-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 181,4 миң адамды түзгөн же Конвенцияга кол койгон учурдан тарта алардын саны 39 миң адамга көбөйгөн. Конвенциянын ченемдерин ишке ашырууга алгачкы 10 жылга 6647,08 млн сом керектелет, анын ичинен иш-чараларга – 1575,0 млн сом билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга, инфраструктураны жакшыртууга – 5072,8 млн сом керектелет. Депутат Исхак Масалиев эгерде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кайрылышка, министрликтин жардам берер-бербесине кызыкты. Министр жарандардан кайрылуулар көп түшүп жатканын, бирок атайын фонд жок болгондуктан, аларга жардам берүү кыйын экенин айтты. “Биз ушундай фонд түзүү, 3 жашка чейинки балдарга жөлөкпул төлөө сунушун киргиздик. Эгер ал түзүлүп калса, анча-мынча болсо дагы жардам берүүгө мүмкүнчүлүк болот деген ойдобуз”, - деп кошумчалады ал. Ал эми Жыргалбек Турускулов министрдин мындай демилгесин сынга алып, Өкмөттөн акча сурабай, көйгөйлүү маселелерди өзалдынча чечүү зарылдыгын баса белгиледи. “Кайра-кайра эле акча сурай бересиӊерби, Өкмөттө акча жок, андан көрө министрликте орун алган коррупциялык схемаларды жоюш керек. Акча мына ушул жерде. Ал каражатты туура пайдаланыш керек”, - дейт эл өкүлү.