Абдышукур ажы Нарматов - Иттин окуясы HD
АТА-ЭНЕМ — ЫРЫСЫМ, АТА-ЭНЕМ — БАКЫТЫМ. Ата-эне балдары үчүн эң зарыл мээрим булагы. Таалим көргөн ыймандуу,ыкластуу эне- Жараткандын адам баласына тартуулаган мээримдүүлүк өлкөсү, үй-бүлөнүн бакыты,бейпилдиктин жана шаттыктын тийип турган күнү, бүлөсү үчүн күйүп-бышкан боорукер камкор жан. Биздин жарык дүйнөгө келишибизге ата-энелерибиз себепкер болгон жана алар биз үчүн эң зарыл, эң улуу жана кадырлуу адамдар.Тогуз ай бою курсагында, бир нече жыл кучагында,андан соң өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүргөн ардактуу энелерге тең келе турган зат, аларга тең аталык сүйүүгө, сыйга татыктуу эч бир жан жаратылбаптыр. Акылга салып таразалап көрсөк кичинекей алсыз балдар төрөлүп, чоңоюп,таалим-тарбия алууда ата-эненин жардамына муктаж болушат. Ата-эне болсо аларга тарбия берип жана бактылуу кылып чоңойтуп, өстүрүү үчүн канчалаган азап, кыйынчылыктарды көрөт. Күнүмдүк эле кийим-кече, тамак-аштары үчүн, кечинде келип балдарына кубаныч тартуулаш үчүн, кээчке эмгектенишип кыйналышат. Ал эми ата болсо жаны тынбай иштеп акча таап, балдарым деп жаны кыйналып иштейт. Мына ушундай сыяктуу дагы көптөгөн вазыйпаларды кайратынан жазбай аркалап келаткан кутман ата-энелер чындыгында сүйүүгө, жогорку урмат-сыйга татыктуу, аларды өмүр бою башыбызга көтөрүп жүрсөк да аздык кылат. Өзүлөрү жебегенди жедирип, өзүлөрү кийбегенди балдарына кийдирип, балдарыбыз элден калбасын деп эч нерсесин аябай окутуп-чокутуп, жайлуу жашашсын үчүн каражанын карч уруп эмгек кылышат. Ата-эне баласы үчүн баарына даяр болуп, кандай кыйын акыбал болсо да баарын көтөрөт. Күндүз чарчап-чаалыгып,түнкүсүн уйкусунан азат. Ушундай азап, кыйынчылыктардан кийин убакыт өтүп, күндөрдүн бир күнү бала чоңоюп, алдуу-күчтүү болот. Ата-эне болсо карып күч-кубаттан таят. Мына ошондо жардамга муктаж болуп калат. Ошондой учурда ата-энеге жардам берүү,тамак-аштан, кийим-кечеден көмөк көрсөтүү биздин милдет болот. Канчалык баласы ата-энесине чын жүрөгүнөн кызмат кылып, муктаждыктарын аткарып турса, ошончолук ата-эне да көңүлдөрү көтөрүңкү болуп, кубанычтуу өмүр сүрүшөт. Жараткандын деңиз сымал чалкыган мээриминин тамчысы энелердин жүрөгүндө экени талашсыз чындык. Эненин аруу жан дүйнөсүндөгү ошол оргуштаган мээриминин чен-өлчөмүн так аныктаган бир курал же бир каражат бар болду бекен? Бул жашоонун ар кандай оор шарттарында, жан кейиткен кыйын кезеңдеринде перзентине чаң жугузбай, бүт өмүрүн биздин жыргалчылыгыбызга арнаган ата-энелердин ак эмгегин кайтаруу мүмкүнбү? Эненин ак сүтүн, опол тоодой мээнетин актоо, аны башыңдын таажысы катары асырай билүү керек. Энелер сай-сөөгү сыздап, тамыры үзүлүп кеткидей болуп толгоо тартпаганда балдар бул дүйнөгө кантип келмек эле? Эне-атанын балдарына кылган санмиң жакшылыгын кайтаруу мүмкүн эмес. А бирок эне-атасын чыныгы ыраазы кылган инсан кандай гана бактылуу! Бейиш- энелердин таманын астында деген сөздүн чындыгында калет жок. Себеби бул тууралуу Мухаммад пайгамбар (с.а.в.) өзүнүн осуяттарында тагыраак айтканда хадистеринде баса белгилеп айтуу менен бирге ыйык Куран китепте эне-ата