Америкадагы кыргызстандыктар Баткенге 95 000$ чогултушту. Сумма уланууда... HD

02.05.2021
Достор, бидин сумма 85 000 $ ге жетти. Бул дагы көбөёт буйруса алдыда. Ошол эфирде айтылгандай бул каражатка эч кандай саясий күчтөрдун, мамлекеттин тиешеси жок. Бөлүштурүлгөндө да кам санабаңыздар. Абал турукташкан соң, баары эсептелип бүткөн соң, дыкат бөлүштүрүлөт. Атайын комиссия иштейт. Жана "Элим Барсыңбы" фонду иш алып барат. Экинчиден бул акча дале болсо эч нерсе чечпейт. Эч нерсеге жетпейт. Эч кимдин өмүрун да кайтарып ала албайбыз. Бирок, биз дагы океандын ары жагында өрттөнүп, күйүп жаттык. Бул жактагы мекендештерим, куру сөз менен популист болгондун ордуна керек болсо 10 $ болсо да студенттерден бери салым кошуп жатышат. Бул видеону жарыялабай да бөлүштүрүп берилсе болот, болгону биз дем берели дедик Кыргызстаныбызга, үлгү бололу дедик башка мекендештерге да. Ата-Мекен үчүн кашык канын аябаган мекендештерим менен сыймыктансын дедик... Элибиздин ынтымагы күчөсүн дедик... Жакшылыкты жайылталы дедик. Анткени, бул жалпы чет жактагы мекендештердин биринчи жардамы эмес, Ата-Журтубуз ооруганда да ушинтип 1 жакадан баш, 1 жеңден кол чыгарып дүйнонүн булуң -бурчунан жардам беришкен биздин мекендештер. Эми мекенибиз 1 канаты кайрылып, уул -кыздары окко учуп жатканда биз учуп жетип баргыбыз келди. Бирок, биз барганда эч нерсе чепейт экенбиз. Ошондуктан, бул Баткенге бир аз болсо да жардам болсо деген тилегибиз. Биз каерде жашабайлы жүрөгүбүз да, жаныбыз да , каныбыз да, оюбуз да Кыргызстан деп согот. Кыргызстанда тынчтык болбосо биз да бул жакта эч кандай жумуш жасай албай, тунү- күнү уктай албай калат экенбиз. Ошондуктан тынчтыктын кадырын билели достор... PS: Ушул видеону бөлүшүп, видеонун астына ошол сырт жактагы мекендештерге болгон ыраазычылыктарыңыздарды, батаңыздарды жазып койсоңуздар, окуп сүйүнүп калышсын. Чет жерде ар кандай кырсыктардан алыс болушсун. .

Похожие видео