Өзбекистан армиясы дүйнө рейтингиде 48-орунда HD
Өзбекистан армиясы дүйнө рейтингиде 48-орунда Өзбекистан армиясы Global Firepower Index (Глобал аскердик күдрет индекси) де 48-орунду ээледи. Ошол рейтинге дүйнөдөгү эң күчтүү 106 та армия киритилген. Рейтинг маалыматында, Өзбекистан куралдуу күчтөрүндө 420 та танк, 715 та БТР, 69 та кыруучу самолёт, 65 та вертолёт жана башкалар бар. Рейтинге Өзбекистандын коңшулары Афганыстан (76-орун) жана Казакстан (80-орун) киритилген. Элүүдөн артык факторлор негизинде аскердик жана экономикалык адистер тарабынан түзүлүүчү Global Firepower Index дүйнөдөгү эң калыс рейтингдерден бири эсептелет. Каримов кол-астындагы армия тышкы дүйнөгө чыкпаган балким тынчтыкты коргоо деген залым ураан менен өз элине коркуу салып алардын үстүнөн катуу көзөмөл жүргүздү. Адамдар өз укугун талап кылып чыгышын алдын алуу максатында элдердин көчө жана жолдоруна аскердик техникаларды жүргүзүп адамдардын жүрөгүнө коркуу салууда. Өзбекистан өкмөтү тарабынан прессага маалым болгон сандарга караганда Өзбекистан куралдуу күчтөрүнө жылда 70 миллион доллар сарпталат. Мамлекет бюджети, жылдык киреше жана чыгаша көрсөткүчтөрү жөнүндө туура эмес маалымат берип келүүчү Каримов бийлиги, куралдуу күчтөрүнө анданда көбрөөк акчалай жардам кылуусу табигий. Өзбекистанда өкмөт тарабынан аскерлерге кең укук жана мүмкүнчүлүктөр чөйрөсү жаратылган. Аскерлерге мындай көңүл буруу аларды Каримов режимине ишенимдүү болууга жана бузук түзүмдү коргоого дайым даяр туруусу үчүн берилет. Өкмөт тарабынан жүктөтүлгөн мындай тапшырмалар аскерлерди элге кыянат кыпууга жана оор кылмыштарга түртүп аткан болсода, көпчүлүк жаштар аскерлерге берилүүчү айлыктарга кызыгып ушул кесипти тандоого умтулууда. Кантип эле элибиз өзүн эзип аткан залым режимге таянч болуучу аскерлерди жетиштирип берсин. Материалдык кызыкчылыктарды бардык нерсеге өлчөө кылуубуз, бизди чындыкты четке кагып жалган жана адилетсиздике көз жумууга балким ага жардамдашуубузга алып келди. Каримов башчылыгындыгы алакандай өкмөт өз элин урмат кылбайт, адам катары да көрбөйт. Баардык тармактардагы кысымга алуу, жеке ишкерлерди адистерди жана ишчи күчүн четке чыгып акча табууга түрткөн болсо, Каримов борбордук телевидениядан жумуш мигранттарын жалкоолор деп, алардан жиркенишин ачык айтты. Негизинен бул адамдар Каримовко да анын өкмөтүнө да каршы болбогон үй-бүлөсүн багуу үчүн гана убактылуу четке жумуш издеп чыккандар. Оо бардык тармактардын түркүгү болуп турган ийилбеген элибиз. Эгер силер кааласаңар баардык нерсени кыласыңар. Жүрөгүңөр чындык менен карышкан, амалыңардын ийри болуусуна колдонулуп аткан мыйзамдар түрткү болууда. Бул адилетсиз башкарууну түп-тамыры менен сууруп таштагыла. Адалдык жана чындыка негизделген башкарууну орноткула. Силердин ага анык кудретиңер жетет.
Похожие видео
Показать еще