Өз жарандарын мойнуна албаган Өзбекистан HD

06.12.2014
Өз жарандарын мойнуна албаган Өзбекистан Озодлик радиосу берген маалыматка караганда Казакстандын өз миграция мыйзамын катуулаштырганы, биринчи кезекте, өзбек мигранттарын абалын оорлошуусуна алып келген. Бирок Өзбекистан өкмөтү Казакстан жана Россияда эмгек миграциясында миллиондогон жарандары бар экенин четке кагып келүүдө. Россия, Казакстан жана дүйнөнүн көп мамлекеттеринде бир бурда нанга акча табуу илинжиде тентип жүргөн Өзбекистан эмгек мигранттарын аянчтуу абалы көпчүлүкө белгилүү. Ислам Каримов Өзбекистан президенттигине бир канча жолу кайра шайланганда, Өзбекистан калкына кызмат кылууга, Өзбекистан жарандарын акы укуктарын коргоого Өзбекистан конституциясы жана куран китепти кармап ант ичти. Өзбекистан мнистирлер кеңеши, өзбек калкы өкүлдөрү болгон Олий мажлис депутаттары Өзбекистан жарандарын акы укуктарын маммлекет тышкарысында жана ичкерисинде коргоо жоопкердигин өз мойнуна алган. Өзбекистан президентинен баштап шаар жана район акимдерине чейин, ошондой эле баардык күч колдонуучу органдары жана алардын башчылары, Өзбекистан калкынан чогултулган ар түрдүү салыктар эсебинен иш акы алышат. Башкача айтканда, өзбек калкы бул чиновниктерди өзүн кара жумушу менен багууда. Бул чиновниктер жок дегенде тузун актап мойнундагы милдетин аткаруу жөнүндө ойлонбойт. Россия жана Казакстанда Өзбекистандык эмгек мигранттарын акы укуктарын бузулуп атканы, мыйзамсыз жазага тартылып, жадагалса абакта сакталып атканына Өзбекистан өкмөтү тарабынан бир жолуда билдирүү жасалбады. Тузун жеп тузуна түкүргөндү өзбек калкы нанкөр дейт.

Похожие видео

Показать еще